Абу Дулаф - 10-кылымда жашаган арап саякатчысы жана географы. Ал акын катары да таанылган.

Толук аты - Мисъар ибн Мухалхил ал-Хазратий Йанбуъи.

Ал Алдыңкы Азиядан чыгып, жер кезип Борбордук Азияга (Орто Азияга) чейин келет да, Саманийлер сулалеси бийлеп турган Бухара (Букара) шаарында ак сарайда кызмат кылып иштеп да калат.

940-жылдары элчилерге кошулуп, азыркы Кыргызстан, Теңир-Тоо, Чыгыш Түркстан аркылуу андан ары чыгыш тарапка - Кытайга барат. Түштүк Чыгыш жактан Түндүк Индияга чейин жер кезгени да маалым.

Ал арап тилинде "Рисала ал-аваал" ("Биринчи кат", же "Оболку макала") жана "Рисала ал-ухра" ("Бөлөк бир макала" же "Экинчи кат") деген чыгармаларды жазган. Бул чыгармаларда географиялык жана этнографиялык арбын маалымат камтылган.

Чыгармасында ал Теңир-Тоодогу чигилдердин арасында христиан (тарса) динин туткандар да бар экенин эскерет.

Абу Дулаф кыргыздардын жаза турган калеми бар экенин (демек, жазма маданиятка ээ экенин) арап тилдүү окурмандарына сыпаттап жазып берген.



Пайдаланылган адабияттар:

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.