Чигил - орто кылымдардагы Теңир-Тоо аймагын жердеген түрк тилдүү эл.

Бул эл чиктердин - орто кылымдардагы Эне-Сайда жана Түндүк-Батыш Монголияда жердеген кыргыз урууларынын биринен келип чыккканы жоромолдонот.

Чик уруусу 8-кылымдын башында көөнө орхон жазмаларында да эскерилген.

10-кылымда арап саякатчысы Абу Дулаф чигилдердин арасында христиандар да бар экенин жазган.

Чигилдер болсо Кыргызстандагы, Жети-Суудагы жана Чыгыш Түркстандагы Караханийлер каганатын негиздеген сулалени түзүшкөн.

Чигилдер тууралуу өзгөчө мол маалыматты 11-кылымдагы түрк элдеринин чыгаан окумуштуусу Махмуд Кашгари калтырган.

Кашгаринин жазышынча, батыштагы түрк калктарынын басымдуу бөлүгүн түзгөн огуздар чыгыш түрк элдеринин баарын "чигил" деп жалпылап аташчу.


Шилтемелер түзөтүү

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.