Абшырсай гипс кени
Параметр text не задан |
Абшырсай гипс кени – Ош облусунун Ноокат районунда, Жаңарык кыштагынан 1,5 км түндүк тарапта, деңиз деңгээлинен 1790–1970 м бийиктикте. 1954-1958-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Гипс бор мезгилинде пайда болгон чопо, акиташ, кум тектеринин арасында жатат. Гипс катмарынын калыңдыгы 50 мге жетет. Катмардагы гипс 98,81%, 1-сорттогу курулуш гипсин алууга жарактуу. Гипс кыртышты гипстентүүгө жана цемент даярдоого пайдаланса болот. Гипстин запасы C1 категориясы боюнча 1320 миң т, C2 26400 миң т.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7