Абшырсай көмүр кени Ош облусунун Ноокат районунда, Кызыл-Кыя шаарынан 26 км чыгыш тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк капталында. Кен 1930-ж. табылып, 1941–66-жылдары геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Көмүрлүү катмарлар юра мезгилинде пайда болгон тоотектердин арасында кездешип, алардын калыңдыгы 0,1–13,4 м. Жалпы узундугу 38 км. Көмүр кларендүү жана фюзен-ксилендүү. Кендин жалпы запасы 13,3 млн т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү