Авар кагандыгы - Борбордук Азияда (4-кылымдын аягы) жана Борбордук Европада (6-к.) өкүм сүргөн түрк тилдүү көчмөн уруулар мамлекети. Авар кагандыгынын борбору алгач Монголиядагы Халха дарыясынын боюнда жайгашкан. Кагандыктын бийлөөчүсү Шэлунун тушунда аскердик-аймактык реформалар жүргүзүлүп, мамлекеттин күч-кубаты чыңалган. Бирок, 552-ж. аварларга баш ийген башка түрк уруулары мамлекетти кыйратышкан. Авар урууларынын бир бөлүгү Корея менен Түндүк Кытайга, экинчиси батышка жер которгон. Батышка кеткен авар уруулары Каспий деңизинин түндүгү, Волга бою, Түндүк Кавказды мекендеген гунн уруулары менен аралашып, Византиянын чек араларына жакын кирип барган. 558-ж. Кандих башкарган алгачкы элчилиги Византияга келип, конуш сурап кайрылган жана союздаш болуу сунушун билдирген. Византия аварларды чыгыш славян урууларына каршы согушка пайдаланган. 567-568-ж. аварлар Византия, лангобард жана лепид урууларынын ортосундагы карамакаршылыктардан пайдаланып жергиликтүү славян, герман жана роман урууларын багындырган жана Карпат ойдуңунун чоң бөлүгүн ээлөө менен Паннонияда (азыркы Венгрия, Австрия, Югославиянын аймактары) борбор азиялык көчмөн уруулардын мамлекетин Авар кагандыгы негиздеген. Аны көрүнүктүү колбашчы Баян хан башкарган. Андан ары аварлар франктарга, славяндарга, лангобарддарга, Византияга жортуулдарды уюштурушкан. Алар Эльбадан Кавказга, Дондон Адриатикага чейинки аймактарга саясий таасирин тийгизип турду. 582-ж. аварлар Византияга караштуу Сирмий, 7-кылымдын башында Далмация аймактарын басып алып, салык төлөп турууга мажбурлаган. Баян хан өлгөндөн кийин мамлекетте ички карама-каршылыктар күчөп, мамлекеттин алсырашына алып келген. 626-ж. аварлардын биргелешкен күчү Константинополдун алдында талкалангандан кийин, алардын экспансиясы токтогон. Улуу Карлдын франктарынын, болгар ханы Крымдын жана славян уруу бирикмелеринин соккулары астында 8-кылымдын аягы 9-кылымдын башында Авар кагандыгы кыйраган. Верден келишиминде (843-ж.) Улуу Карлдын мураскерлерине таандык деп белгиленген «Авар королдугу» жөнүндө эскерилет. Авар кагандыгынын түштүк-чыгыш аймактары Болгар падышалыгынын курамына кирген, айрым аймактарында славян саясий бирикмелери пайда болгон. Ошондон кийин аварлар Батыш Кара деңиз жана Дунай боюндагы элдердин курамына сиңип кеткен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1