Кирибати, Кирибати Республикасы — Океаниядагы мамлекет, Тынч океандын экватордук батыш бөлүгүндө. Ал 3 аралдар тобунан турган 33 аралды (атоллду; анын 21инде эл жашайт) камтыйт: Гилберт аралы (16 арал; бардыгында эл жашайт), Феникс аралы (8 арал; Кантон; (Абариринга) аралында эл жашайт), Лайн аралы (8 арал;Табуаэран, Тераина, Рождество аралында эл жашайт), ошондой эле Банаба аралы (эл жашайт; Гилберт аралынан 400 км батыш тарапта). Аймагы батыштан (Банаба аралынан) чыгышты (Каролайн аралын) карай 4 миң кмдей аралыкка созулат. Кургактыктын аянты 719 км2 (башка маалыматтар боюнча 811 км2). Калкы 110,4 миң (2008). Борбору — Баирики (Тарава атоллунда). Расмий тили — англис тили; калкынын көбү кирибати тилинде сүйлөйт. Административдик жактан 6 районго (Банаба аралы, Гилберттин Түндүк аралы, Гилберттин Борбордук аралы, Гилберттин Түштүк аралы, Лайн аралы, Тарава аралы) жана 21 арал кеңешине (эл жашаган аралдардын санына жараша) бөлүнөт. Акча бирдиги — Австралиянын доллары.

Кирибати Республикасы
кирибати Ribaberiki ni Kiribati
англ. Republic of Kiribati

Герб
Туу Герб
Урааны: «Te Mauri, Te Raoi ao Te Tabomoa»
«Health, Peace and Prosperity
(Ден-соолук, тынчтык жана бакубатчылык)»
Гимн: «Teirake Kaini Kiribati»
Эгемендүүлүк күнү 12-июль 1979-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тили кирибати тили, англис тили
Борбор шаары Южная Тарава
Ири шаарлар
Башкаруу формасы Президенттик башкаруу системасы
Президент
Вице-президент
Танети Маамау
Теуеа Тоату
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
172-орун - дүйнөдө
811,19 км²
0
Калкы
• Бааланган (2021)
Жыштыгы

121,388 адам (192-орун)
151,9 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

297 млн $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

248 млн $
1,989 $
АДӨИ  0.628 (орточо) (132-орун)
Этнохороним кирибатилик, киратиликтер
Акча бирдиги Австралия доллары (AUD)
Домени .ki
ISO коду KI
ЭОК коду KIR
Телефон коду +686
Убакыт аралыгы UTC +12:00
Тарава атолл.

Кирибати — БУУнун (1999), Шериктештиктин (1979), Тынч океан аралдар форумунун (1971; 2000-жылга чейин Түштүк Тынч океан форумунун), ЭВФтин (1986), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1986) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

түзөтүү

Кирибати — унитардык мамлекет. Кирибатинин Конституциясы 1979-жылы 12-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы — парламенттик республикалык мамлекет жана өкмөт башчысы — президент, 4 жылдык мөөнөткө шайланат (3 жолу кайра шайланганга укугу бар). Президент парламент депутаттарынан вице-президентти дайындайт. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы бир палаталуу парламент — Чогулуш палатасы. Аткаруу бийлик өкмөткө (кабинет) таандык, курамына президент, вице-президент жана министрлер кирет. Кирбатиде көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: «Манеабан Те Маури» («Чогулушту коргоо»), «Боутокаан Те Коауа» («Чындык мыктылары»).

Табияты

түзөтүү

Гилберт, Феникс жана Лайн аралы — коралл (шуру) рифи менен курчалган түздүктүү атоллдор (деңиз деңгээлинен 5—8 м гана жогору); Банаба аралы — көтөрүңкү атолл (бийиктиги 81 м, Кирибатинин эң бийик жери). Негизинен коралл (шуру) акиташ тектеринен түзүлгөн. Гилберт жана Лайн аралы суу астындагы жанартоо атылышынан пайда болгон тоолордун үстүндө жайгашып, Тынч океандын Борбордук чуңкурдугун батыштан жана чыгыштан тороп турат. Феникс аралы Борбордук чуңкурдуктун түштүк, Банаба аралы Меланезия чуңкурдугунун борбордук бөлүктөрүндө жайгашкан. Банаба аралында фосфорит кени бар, бирок ал 1979-жылдан бери казылбайт; экономикалык зонасында темир-марганец конкрециялары кездешет. Климаты экватордук деңиздик; жылдык орточо температурасы 27°С, сезон бир аз гана өзгөрөт. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү Гилберт, Лайн аралынын түштүк бөлүктөрүндө жана Феникс аралында 1000 мм жана андан аз, Гилберт аралынын түндүк бөлүгүндө 3000 ммге чейин жаайт. Жаан-чачын аймак боюнча текши жаабайт, кургакчыл мезгил тез-тез болот. Ноябрь—март айларында тайфун жүрөт. Тузсуз суу ресурсу чектелүү. Агын суулары жок; тузсуз суунун негизги булагы — жамгыр суусу, кудуктардан бир аз мала туздуу суу чыгат. Кургакчыл жылдары Кирибатиде суу ресурстары өтө таңкыс болот. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн маданий өсүмдүктөр (кокос пальмасы, нан дарагы, таро, банан ж. б.) ээлейт. Айрым жерлеринде жергиликтүү өсүмдүктөр кездешет, мисалы, Кирибатинин түштүк бөлүгүндөгү жапыз өскөн бадалдар, түндүк бөлүгүндөгү жапыз дарактар ж. б.; Гилберт аралынын жээктеринин айрым жерлеринде мангр токою өсөт. Өлкөнүн аймагы жаныбарларга жарды. Негизинен деңиз экосистемасын коргоо максатында бир нече корук уюшулган; анын ичинде Феникс аралындагы деңиз паркы (аянты 410,5 миң км2) — дүйнөдөгү коргоого алынган ири аймактардын бири.

Кирибатинин негизги калкын (97,8%ин) микронезиялык кирибатилер түзөт. Калкынын саны 20-кылымдын ортосунан баштап өсүүдө (1950-жылы 38 миң адам болсо, 2005-жылы 103,1 миң адамга жеткен); 21-кылымдын башында калктын өсүүсү 2,3%ти түздү. Төрөлүү 1000 адамга 30,3 бала (төрөлүүнү чектөө саясаты жүргүзүлүүдө), өлүм-житим 8 адам. Калкынын орточо курагы 20,6 жыл. Курактык курамында 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 37,9%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15—64 жаштагылар) 58,7%ти, 65тен ашкандар 3,4%ти түзөт (2008). Орто эсеп менен 100 аялга 99 эркек туура келет. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 62 жаш (эркектердики 59,8 жаш, аялдардыкы 66 жаш; 2008). Калктын санынын өсүп жаткандыгына байланыштуу миграциялык кыймыл катуу көзөмөлгө алынган. Өлкөнүн элинин 92%тен ашыгы — христиандар. Кирибатинин калкынын 80%и Гилберт аралында (анын ичинде борбордук Тарава атоллунда 50%) жашайт. Экономикалык активдүү калктын көбү дыйканчылык кылат, балык кармайт.

Тарыхы

түзөтүү
 
2-дүйнөлүк согуш (Тарава аралы).

Кирибатиге таандык аралдарга биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын башында австронезиялык уруулар, 13—14-кылымда Самоа, Тонга жана Фижи аралынын калкы көчүп келип, отурукташа баштаган. Жергиликтүү калкы — кирибатилер. 1606-жылы Бутаритари аралы (испан деңиз саякатчысы П. Фернандес де Кирос ачкан), 1765-жылы Никинау аралы (британиялык капитан Ж. Байрон ачкан), 1788-жылы Тарава ж. б. аралдар (Т. Гилберт жана Ж. Маршалл ачкан), 1826-жылы Кирибатинин курамына кирген бардык аралдар ачылып, аларды орус деңиз саякатчылары — Ф. Ф. Беллинсгаузен жана И. Ф. Крузенштерндер изилдеген. 1857-жылы христиан миссионерлери жергиликтүү калкты христиандаштыра баштаган. 1892-жылы Гилберт жана Эллис (азыркы Тувалу), 1900-жылы Ошен (азыркы Банаба), 1916-жылы Лайн, 1937-жылы Феникс а. Улуу Британия колониясына айланган. 2-дүйнөлүк согушта япон аскерлери Ошен, Тарава, Бутаритари жана Абемама аралын басып алып (1942), Ошен анын жергиликтүү калкын Науру жана Кусаие аралына көчүрүп, калгандарын 1945-жылы кырган. 1943-жылы ноябрда Тарава аралына америкалык десант түшүрүлүп, айыгышкан салгылашуулардан кийин япондуктар аралдан чыгарылган. АКШ бул аралга аскер базасын орноткон. Согуш бүткөндөн кийин АКШнын колдоосу менен Улуу Британия колония аймагына (Рождество аралына; азыркы Киритимати) ядролук куралдарды сыноодон өткөргөн. 1963-жылдан Улуу Британия колониялык башкаруу системасын реформалай баштаган. Аткаруу жана Консультациялык кеңеш (1967-жылдан Өкүлдөр палатасы жана Өкмөттүк кеңеш) уюшулуп, кеңешке жергиликтүү элдин өкүлдөрү дайындалган. 1971-жылы колония өзүн өзү башкаруу (британдык губернатор жетектеген) укугуна ээ болгон. Мыйзам чыгаруу кеңеши түзүлгөн. Ал 1974-жылы Чогулуш палатасы болуп өзгөрүп, башкы министрлик кызмат киргизилип, аны Набоуа Ратиета ээлеген. 1975-жылы 1-ноябрда колония экиге (Гилберт аралы жана Эллис а.) бөлүнгөн. 1977-жылы 1-январда Гилберт аралы колониясына өзүн-өзү башкаруу укугу берилип, 1979-жылы 12-июлда алардын көз карандысыздыгы жарыяланган. Жаңы пайда болгон мамлекет Кирибати Республикасы деп аталган. Мамлекеттин алгачкы президенти — Иеремия Табаи (мурдагы башкы министр, 1991-жылга чейин президент). 1999-жылдан Кирибати — БУУнун мүчөсү. 2007-жылы Аноте Тонг экинчи жолу президенттикке шайланган.

Чарбасы

түзөтүү

Кирибати — дүйнөдөгү начар өнүккөн өлкөлөрдүн бири; экономикалык негизги көрсөткүчтөрү боюнча Океаниядагы көп өлкөлөрдөн да артта турат. ИДПнин көлөмү 348 млн доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 3600 доллардан туура келет. ИДПнин өсүүсү 2% (2007). ИДПнин 66,8%и тейлөө чөйрөсүндө (анын 20%и туристтик сектордо), 24,2%и өнөр жайында (курулуш, суу жана электр менен камсыз кылуу кошо), 8,9%и айыл чарбасында түзүлөт. Мамлекеттик бюджет (2007-жылы 55,52 млн доллар) таңкыс чыгат (—19,87 млн доллар). Кирешенин басымдуу бөлүгү чет өлкөлүк (Түштүк Корея, Япония, Кытай, Америка ж. б.) кемелерге Кирибатинин гана экономикалык зонасынан (аянты 3,6 млн км2 чамасында) балык кармоого лицензия сатуудан түшөт. Чет өлкөлүк финансылык жардам орто эсеп менен жылына 15—20 млн долларды түзөт (2005-жылы 27,84 млн доллар); негизги донорлору: Япония, Австралия, Жаңы Зеландия, АКШ. Кирешенин маанилүү булагы (жылына 5—10 млн доллар) — чет өлкөлүк балык уулоочу кемелерде иштеген (2 миңдей адам) кирибатиликтерден түшкөн акча. Туризмдин өнүгүүсүнө (чет өлкөлөрдөн жылына 2,5 миңге жакын турист келет) аймагынын алыстыгы жана инфраструктуранын жоктугу тоскоол болот. Туризмдин негизги объектилери: Тарава атоллу (этногр. айылдар, аскер техникасынын калдыктары), Рождество аралы (Океаниядагы эң ири атоллдордун бири), Каролайн аралы (Милленниум; анын тургундары Жаңы жылдын келишин 1болуп майрамдай баштайт). Мамлекеттик сектор соода, авиатранспорт, мейманкана бизнеси, коммуналык чарба ж. б. тармактарда бысымдуулук кылат. Келечекте Кирибатиде айыл чарба жана балык промыселин, туризмди, башка өлкөлөр менен аба катнашын өнүктүрүү, соода таңкыстыгын жоюу ж. б. боюнча улуттук план каралууда. Алыскы аралдарда жашаган калктын басымдуу бөлүгү копра, балык, кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып күн көрүшөт.

Өнөр жайы

түзөтүү

Өнөр жайын пальма майын, тунец балыгын даярдоочу, эмерек жасоочу, кийим тигүүчү чакан ишканалар түзөт. Өндүрүлгөн электр энергиясынын (10 млн кВт.с) 9,3 млн кВт.сы ички муктаждыкка керектелет. Кустардык промысели өнүккөн: корзина, балыкчылар үчүн конус сымал калпак согуу, каноэ кайыгын жасоо ж. б. Өлкө аймагынын 2,5%и айыл чарбасында пайдаланууга жарамдуу. Экспорт үчүн кокос пальмасы, ички керектөөлөргө таро, банан, нан дарагы, папайя, ямс, маниок өстүрүлөт. Мал чарбасы анча өнүккөн эмес: чочконун жана үй куштарынын санын көбөйтүүгө аракет жасалууда. Балык кармалат, деңиз продуктулары чогултулат.

Транспортун негизинен паром, кеме, кайык түзөт; алар негизинен Гилберт аралын бири-бири менен байланыштырат; башка алыскы аралдар менен дээрлик байланыш жок. Маанилүү порту — Тарава аралында (Бетио). Жергиликтүү авиакомпания Таравадан Гилберттин дээрлик бардык аралдарына рейс жасайт. 19 аэропорту бар. Эл аралык аэропорттору Тарава (Бонрики, негизги) жана Рождество (Банана) аралында жайгашкан. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 670 км (2000).

Товардык экспортунун наркы 17 млн доллар, импорттуку 62 млн доллар (2005). Экспортко негизинен копра (наркынын 2/ дейи), кокос жаңгагы, тирүү балык, деңиз продуктулары жана деңиз балырлары (негизинен Японияга аквариум үчүн жөнөтүлөт). Негизги соода шериктери: Бельгия, Япония, Австралия. Азык-түлүк (эт, эт консервасын, ун ж. б.), отун, кеңири керектелүүчү товарларды, түрдүү машина жана жабдууларды негизинен Австралиядан, Фижиден, Япониядан сатып алат.

Маданияты

түзөтүү

Кирибатиде билим берүү мекемелерин Билим берүү, кесипке даярдоо жана технология министрлиги жетектейт. Чиркөө же жамаат мектепке чейин тарбиялайт. 1980-жылдарда милдеттүү акысыз 9 жылдык базалык билим берүү (6 жылдык башталгыч билим жана 3 жылдык толук эмес орто билим) киргизилген. Кирибатиде толук орто мектептин (2 жылдык) 23%и мамлекетке, калган бөлүгү чиркөөгө тиешелүү. Өлкөдө 91 башталгыч мектеп (97,4% окуучу), 24 толук эмес жана 16 толук орто мектеп (67, 6%) иштейт (2005). Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 93,4%ти түзөт (2006). Түштүк Тынч океан университети (Фижи), педагогикалык колледж, деңиз, технологиялык институттар, полиция академиясы, балык чарба борбору, Тарава аралында Улуттук китепкана жана архив (1979) ж. б. бар.

Кирибатиде башкы басма органы — жумасына чыгуучу өкмөттүк «Te Uekera» (1945). Биринчи көз карандысыз гезит — «The Kiribati Newstar» (2000). Радио уктуруу 1952-жылдан жүргүзүлөт. И. Табаи жетектеген менчик радиостанция «New Air FM» (1999) иштейт, «Radio Australia» жана «Америка үндөрүнүн» радиопрограммалары уктурулат. Өлкөдөгү бардык телекоммуникациялык тейлөөлөрдү мамлекеттик «Telecom Services Kiribati Limited» компаниясы (1990) иш жүзүнө ашырат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү