Автоматон (же автомат) - тапшырылган программа менен аракет кылган механикалык привод менен так теке. Автоматондорду дүйнөдөгу эн биринчи робот деп санаса болот. Автоматондордун кээ бирөөсу комплекстик кыймылдарды аткарганды билчү, мисалы: жазуу, музыкалык куралдарда ойноо.[1][2]

Эларалык искусствонун центриндеги автоматон

Тарыхы түзөтүү

Эн биринчи автоматондор байыркы убакыттарда жасалчу. Легендалардан Дедалдын баскан эстеликтер, бактан жасалган учкан көгүчкөн ж.б. Практикалык мааниси жок болчу, бирок автоматондор кызыктуу оюнчуктар болчу. Пружиналык приводдун, термелгич сааттын ойлоп табуусу автоматондорго таасир этти, анткени ушул ойлоп чыгарылган нерселерде жаны механизм жана принциптер колдонулган болчу, кийин автоматондордо ушул принциптер колдонулган.

 
Каллиграф (Пьер Жаке-Дро)

Алексей Михаилович царда кан сарайында үч механикалык арстан турчу. Алар чыныкый арстандай ырылдаганды билчу. Арстандардын механизмин Курал-Жабдык Палатанын саат механиги Петр Высоцкий 1673 жылы жасаган.

Парижде көрсөтулгөн Вокансондун автоматондор белгилуу болуп калган.

Пьер Жаке-Дронун автоматондору белгилуу болчу. Азыр ошол автоматондор Швейцариядагы Нёвшателе шаарынын Тарых жана Искусствонун музейинде жайгашкан. Пьер Жаке-Дронун "Каллиграф" деген автоматону 6000 детальдан жасалган. Ал 40 созго чейин текстти жаза алат. Автоматондор "Jaquet Droz" деген саат чыгарган фирмага жарнама катары колдонулчу.[3]

Немис ойлоп табуучу Фридрих фон Кнаусс (1724-1789) биринчи автоматикалык жазган машинаны ойлоп чыгаруучусу болгон. Механизм татаал болуп чыккан. Эки коло бүркүт машинканы кармап турган, ичинде муза-кудай болчу, ал текстти жазып турчу. Машинка калем учту сыяга малганды билчү жана барактагынды да билчү.

Шилтемелер түзөтүү

  1. Автоматоны: искусство механических представлений Archived 2020-08-04 at the Wayback Machine
  2. https://backstagy.com/ru/automaton/ Archived 2020-08-04 at the Wayback Machine Archived 2020-08-04 at the Wayback Machine
  3. http://www.jaquet-droz.com