Автордук ниет, (замысел) – жаратуучу чыгармасы жөнүндө автордун алдын- ала түзүп алган планы, ошол чыгармада көрсөтө алган окуяларды, айта турган ойду белгилеп алышы. Бул чыгармага киришерден мурда болот да, автордук ниеттен кийин гана сүрөткер жазууга отурат. Эки түрдө болушу мүмкүн: биринчисинде, автор окуялардын жүрүшүн болжолдоп- жоромолдоп алат, демек сюжетке байланышкан автордук ниет; экинчисинде, идеялык ниет, мында автор чыгармасында өзүн толкунданткан проблемаларды жана конфликттерди тандап алат. Ар түрдүү жазуучулардын, акындардын автордук ниетин жана алардын чыгармачылык өнөрканасын иликтеп көргөндө, алардын алгачкы ой- божомолдору чыгарманын жаралуу процессинде өзгөрүп кете тургандыгы да белгилүү. Мис., Л. Н. ТолстойАнна Каренина” романында башкы каарманды өлтүргүсү келбеген экен, бирок окуянын жүрүшү менен анын өлүмүн талап кылып туруп алгандыктан, жазуучу баш ккарманын өлүмгө алып барыптыр.

Колдонулган адабият: түзөтүү

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3