Авункулат - (лат. avunkulus-тайаке) - тайаке менен жээндин ортосундагы калыптанган өзгөчө жакын, тууган-туушкандык мамилелерди чагылдырган үй-бүлөдөгү жана коомдогу калыптанган тартип. Алгачкы жамааттык (общиналык) доордо калыптанган коомдук өзгөчө укук боюнча жээн өз энесинин бир туугандарына кошуна болуп жашаган. Бул мезгил жээндин балалык чагынан же авункулолокалдык никеден соң башталган. Жээн тайакеси менен бирге жашайт, анын мүлкүн жалгыз мурастайт же бөлүшөт, тайакеси менен дайыма кеңешип иш кылат, зарыл учурда ага баш калкалайт ж.б. Авункулат энелик урук шартында, аялдын күйөөсү эмес бир туугандары башкы ролду ойногон мезгилде пайда болгон жана аталык урукка өтүп жаткан доордо өзгөчө мааниге ээ болот. Уруудагы, уруктагы калыптанган өзгөчө салт боюнча жээн таякесинин мүлкүнө мураскер же шериктеш болууга, анын кеп-кеңештерин, акылын угууга милдеттүү болгон. Авункулат адамзат коомунун тарыхындагы энелик доордо (матриархат) калыптанган коомдук мамиленин бир формасы болгон. Бул доордо урукта (уруу- да) башкы бийлик атага эмес, энеге жана анын эркек бир туугандарына (тайларга) таандык болгон. Бул процесс энелик доордон (матриархат) аталык доорго (патриархат) өтүү мезгилинде өзгөчө мааниге ээ боло баштаган. Авункулат (лат. эненин ага-инилери) - тайаке менен жээндин өзгөчө жакындыгын көрсөткөн үй-бүлөлүк жана коомдук салт. Мындай коомдук мамилелердин айрым формалары Саян-Алтайдын түрк тилдүү элдеринде (хакастар, тувалар ж.б.) сакталып келет. Кыргыздарда эзелтен эле таяке-жээндин мамилеси өзгөчө сыйлуу. Балага жаштайынан эле үч журту: ата журту (атасынын эли), тага журту же тайлары (энесинин төркүндөрү), кайын журту (жубайынын төркүндөрү) болорун айтып келишет. Бала энесинин төркүндөрүн таята, таене, калгандарын улуу-кичүүсүнө карабай таяке, таеже, таажеңе, таажезде деп атайт, өзү жээн болуп эсептелет. Жээндин укугу өзгөчөрөөк болуп, тайларына каалагандай эркелейт. Кыргыздарда да тайдын жээнге энчи бөлүп берүү салты, «эр тайын тартат» деген лакап сөз бекеринен айтылып калган эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү