Адабий агымдар - белгилүү бир эстетикалык принциптерди көздөгөн, колдогон, ар түрдүү көз караштагы жазуучуларды бириктирген өзүнчө бир көркөм багыт, көрүнүш. Ар бир элдин, улуттун, региондун жана бүт дүйнөнүн көркөм адабияты алардын өсүп-өнүгүш тарыхына тыгыз байланыштуу калыптанат жана өнүгөт. Адабий агымдар улам жаңы чыгармачыл инсандардын келишине байланыштуу өзгөрүп, жаңыланат. Көркөм процессти дүйнөлүк масштабда караганда, ал жалпы адамзатка тиешелүү эң бийик искусстводон тартып, үйрөнчүк, эпигондук адабиятка чейин ар түркүн көрүнүштөрдөн турат. Демек, ар бир элдин, улуттун, региондун жана бүтүндөй дүйнөнүн басып өткөн мезгилге жана мейкиндикке жараша ар биринин өзүнчө эстетикалык принциптери, стилдик кубулуштары бар. Адабий агымдар жазуучу өзүнүн авторлук жекечелигин түшүнүп, сезгенде гана пайда боло баштайт. Мына ушундай даражага жеткен Адабий агымдардын көрүнүктүүлөрү Ренессанс(Кайра жаралуу, Классицизм, Сентиментализм,Реализм, Романтизм, Натурализм, Символизм

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1