Адабият тарыхы - адабият таануу илиминин курамдык бөлүгү. Адабият тарыхы дүйнөлүк адабияттын жалпы өнүгүүсүнүн жүрүшүн, конкреттүү көркөм адабияттын жаралыш жана өнүгүш процессин, андагы стилдер менен багыттардын пайда болушун, калыптанышын, алмашып турушун, ошондой эле айрым жазуучулардын жекече чыгармачылык өсүү жолун, тарыхын изилдейт. Улуттук же дүйнөлүк адабий өнүгүүнүн процессин терең үйрөнүп, ушул өсүш процессиндеги тигил же бул конкреттүү адабий көрүнүштүн ордун салмактайт, аныктайт. Макалаларды, монографиялык эмгектерди, жазуучулардын жеке чыгармачылыктарын үйрөнүү жана тигил же бул көркөм методдун, түрдүн, жанрдын калыптанышын, өзгөчөлүгүн, тарыхый тагдырын үйрөнүү адабият тарыхынын изилдөө объектисине кирет. Адабият тарыхы боюнча изилдөөлөр айрым учурда бүтүндөй бир доорду (мисалы, «Кыргыз совет адабиятынын тарыхы», 2 томдук. Ф., 1987, 1990; «Кыргыз адабиятынын тарыхы», 7 томдук. Б., 2002), кээде белгилүү бир мезгилдик алкакты (мисалы, С. Жигитов. «20-жылдардагы кыргыз адабияты». Ф., 1983) камтыйт, кээде белгилүү бир акын-жазуучунун чыгармачылына (мисалы, Ш. Үмөталиев. «А. Осмонов. Өмүрү жана чыгармалары». Ф., 1958) арналат. Адабият тарыхы тигил же бул конкреттүү адабий процессти, изилдөөдө адабият теориясынын принциптерине негизденет жана адабий материалды кароодо адабий сындын жыйынтыктарын эске алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1