Адрондор - (гр. hadros - чоң, күчтүү) - ядролук өз ара аракеттенишүүгө катышуучу элементардык бөлукчөлөрдун тобу. Бул термин 1967-ж. Л. Б. Окун тарабынан киргизилген. Адрондорго бардык бариондор (нуклондор - протон, нейтрон) жана мезондор кирет. Эркин абалда бардык адрондор (протондон башкасы) туруксуз, жашоо убактысы өтө кыска.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1