Ажибраимова, Айжамал Мусуратбековна

1959-жылы 5-январда Таласта (Кыргыз Республикасы) төрөлгөн. Евразия экономикалык биримдигинин сотунун судьясы кызматын аркалайт.

Айжамал Мусуратбековнанын улуту кыргыз.

Ажибраимова Айжамал Мусуратбековнанын жогорку юридикалык билими бар. 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эмгек жолу түзөтүү

Айжамал Мусуратбековна университетти бүтүргөнгө чейин эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда чабарман болуп иштеген (1975-1976-ж.ж.). Андан кийин үч жыл бою Октябрь райондук сотунун сот отурумунун катчысы болуп иштеген.

Андан соң Бишкек шаарындагы “Севводстрой” Автобаза трестинин юридикалык кеңешчиси (1979-ж.) болуп, ошол эле маалда Кыргыз Республикасынын Геология башкармалыгында (1979-1980-ж.ж.) да иштеген.

1980-жылдан тарта “Кыргызавтомашта” юридикалык кеңешчи, ал эми эки жылдан кийин Талас облустук аткаруу комитетинде (1982-1986-жылдары) улук консультант болуп иштеген.

Айжамал Ажибраимованын сот катары эмгек жолу 1986-жылы башталган. Биринчи кызматы – Талас шаардык сотунун судьясы болуп бир жыл иштеген. Андан кийин Талас облусунун Киров райондук сотунун судьясы (1991-жылга чейин) болуп иштеген.

1991-жылы Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бул кызматта 1993-жылга чейин иштеп, андан кийин Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы кызматына дайындалган.

1993-жылдан 1998-жылга чейин Айжамал Мусуратбековна Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкармалыгынын башчысынын орун басары, андан кийин башкармалыктын жетекчиси болуп иштеген.

1998-жылы Айжамал Мусуратбековна Ажибраимова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматына дайындалган.

2011-жылдын 8-июлунан бери Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү.

2016-жылдын 1-июнунан тартып Евразия экономикалык биримдигинин сотунун судьясы кызматына дайындалып, ушул күнгө чейин иштеп жатат.

Судьянын жогорку квалификациялык классына ээ.

Юриспруденцияда 33 жылдан ашык тажрыйбасы бар.

Ардак грамоталары түзөтүү

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Уулу – Карыпбеков Илим Майрамбекович (1979-жылы 13-августта туулган). ТНТ Кыргызстан “Консалт плюс” ЖЧКсынын экс-директору, КТРКнын мурдагы башкы директору, президент К.Бакиевдин маалында Катчылыктын кызматташуу боюнча кызматынын экс-жетекчиси.

Шилтемелер: түзөтүү

https://who.ca-news.org/people:11581

http://courteurasian.org/en/ajax/getJudge/?ID=2220(жеткиликсиз шилтеме)

https://www.politmer.kg/human/359 Archived 2022-03-01 at the Wayback Machine

https://ru.sputnik.kg/person_Ajjzhamal_Azhibraimova/

https://knews.kg/2016/06/01/galina-skripkina-i-ajzhamal-azhibraimova-stali-sudyami-suda-eaes-ot-kyrgyzstana/

https://online.zakon.kz/m/amp/document/31590799