"Ажырашуу" (фарсы тилинде: جدایی نادر از سیمین Жодайе Надер аз Симин: "Надердин Симинден бөлүнүүсү", англ. A Separation, орус. Развод Надера и Симин) - 2011-жылы чыккан ирандык драма. Режиссеру жана сценарийин жазган Ашгар Фархади. Тасмага тартылгандар: Лейла Хатами, Пейман Моаади, Шахаб Хоссейни, Сарех Баят жана Сарина Фархади. Тасма ажырашып кеткен орто класстагы ирандык түгөй жана ата-энесинин ажырашуусунан кыйналган кыз, альцгеймер оорусу менен ооруган атасын кароо үчүн төмөнкү класстан бакмачы аял жалдагандан чыккан уруш тууралуу окуяны баяндайт. "Ажырашуу" 2012-жылы Оскардын "Эң мыкты чет тилиндеги тасма" сыйлыгын жеңген жана бул сыйлыкты уткан алгачкы Иран тасмасы болуп эсептелет. Ошондой эле тасма "Эң мыкты тасма" наамындагы "Golden Bear" сыйлыгын, "Эң мыкты актриса" жана "Эң мыкты актер" наамындагы "Silver Bear" сыйлыгын уткан. Тасма "Golden Bear" сыйлыгын уткан алгачкы тасма болуп эсептелет. Ошондой эле "Алтын Глобустун" "Эң мыкты чет тилиндеги тасма" сыйлыгына татыган. Тасма Оскардын "Эң мыкты сценарий" сыйлыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Бул тасма акыркы беш жылда алгачкы жолу бул наасга көргөзүлүп жаткан англис тилинде эмес тасма.

Ажырашуу (тасма)
Режиссеру Асгар Фархади
Продюсер Асгар Фархади
Жазуучу Асгар Фархади
Марк Маткотт
Оператору Махмуд Калари
Тартылгандар Лейла Хатами
Пейман Моаади
Шахаб Хоссейни
Сарех Баят
Сарина Фархади
Мерила Зарей
Музыкасы Саттар Ораки, Дивакар Похарел
Редактору Хайеде Сафияри
Жайылтуучу Filmiran (Иран)
Sony Pictures Classics (АКШ)
Чыккан жылы
  • 15 февраль 2011 (2011-02-15) (Берлин)
  • 16 март 2011 (2011-03-16) (Иран)
Узактыгы 123 мүн. [1]
Өлкөсү  Иран
Тили Фарсы
Бюджети $500,000[2]
Киреше $24.4 млн[3]

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Nader and Simin, A Separation (PG). British Board of Film Classification (3 May 2011). Текшерилген күнү 25 -март (жалган куран) 2012.
  2. A Separation (2011) - Box office / business. Internet Movie Database. Amazon.com (25 March 2012). Текшерилген күнү 27 -март (жалган куран) 2012.
  3. A Separation. The Numbers. Nash Information Services, LLC. Текшерилген күнү 30 -июнь (кулжа) 2016.