Ажы бий Тилеке бий уулу — 18чи кылымдын 2-жарымындагы саясий ишмер, Алай-Фергана аймагындагы саясий окуяларга жигердүү катышкан кыргыз төбөлдөрүнүн бири.

Ажы бий Тилеке (Жамаке) уулу
 
Уруусу: Баргы уруусу
Атасы: Тилеке (Жамаке) баатыр
Кесиби: Баатыр, Бий

Адыгине уруусунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булактарында 1759-ж. июнь айында Ажы бий баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон шаарын бийлеген Ирдана бий м-н тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган достук келишим түзгөндүгү ж-дө айтылат. 1759-ж. сентябрь айында А.б-дин конуштарына Кытай императорунун элчиси Доктан келип, ага Кытай империясы м-н саясий-дипломатиялык ж-а соода-сатык келишим түзүү ж-дө чакырык-жарнама ж-а кытай мөөрүн тапшырган. Ошол эле жылдын аягында А.б. өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кашкардагы Кытай империясынын башкаруучусу Чжао Хойго жиберген.

1760-ж. Ирдана бий Алайда тонолгон Кокон көпөс-төрүн ишин шылтоолоп Ош, Өзгөн ш-на че-йин жортуулга келген. А.б. жооп иретинде 1761-ж. Коконго жасалган ийгиликсиз жортуулдан кийин, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи Элэтаодини жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндү-гүндөгү кыргыздардын кол башчысы Маматкул бийден Ирданага каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Арзыматты жиберген. Маматкул бий жардам кылуу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы черик ж-а саяк уруу-сунун бийи Темиржандын жигиттерин жортуулга даярдаган. Бирок саясий кырдаал татаалдашып, кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Ирдана бий Ош ж-а Өзгөндөн өз ыктыяры м-н чыгып кеткен. 1764-ж. жазында Ирдана бийдин Оротөбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, А. б. Коконго жортуул уюштурган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган А. б. Ирдана бийге туткунга түшкөн, бир маалымат б-ча коё берилген, экинчиси б-ча даргага асылган. Ажы Бий кытай Цинь империясынын батышка көздөй жол алган жоортулуна даярданып, тогуз миңдик армиясын женген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Булак 1: Кыргыз Инфо Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine Булак 2: Биздин Archived 2022-01-23 at the Wayback Machine