Баргы, уруу
Баргы - Адигине уруулук тобундагы ири уруунун бири. Генеалогиялык маалыматтар боюнча Баргы - Адигиненин улуу баласы. Оң канатка кирген баргылар кыргыз этносунун пайдубалын түптөгөн байыркы уруулардан болот. Баргу - азыркы Монголиядагы топонимикалык аталыш катары да белгилүү. Маалыматтар Ички Монголиядагы (Кытай Эл Республикасы) монголдордо «барга» аттуу ири уруу бар экендигин тастыктайт. Рашид ад-Дин (13-к.) төмөнкүдөй маалыматтарды жазат: «Кыргыз жана Кэм-Кэмжиут кошуна, жакын турган аймактар, бул жерлер бир мамлекеттин (Кыргыздар мамлекети) курамына кирет.... Кэм-Кэмжиуттун бир тарабы наймандар, андан ары Баргужин-Токум деген жерде кори, баргу, тумат, байаут уруулары жашашат, алардын айрымдары монгол тилинде сүйлөшөт. Фарси автору баргулардан Иранда (илхандардын монгол администрациясында, 13-к.) белгилүү мамлекеттик ишмерлер болгондугун жазат. Рашид ад-Дин: «Баргут, кори, төөлөс, тумат уруулары тектеш элдер, аларды Селенга дарыясынын аркы жээк тарабында жашагандыгы үчүн баргуттар, алар турган аймак ушундан улам Баргужин-Токум деп аталат», - деп жазат. Баргулар түрк (кыргыз) тилинде сүйлөгөнүн тарыхый булактагы адам аттары, алардын титулатурасы айгинелеп турары бышык. Демек, 13-к. бүгүнкү кыргыздардагы эң ири уруулар катары эсептелген найман, дөөлөс (төөлөс), баргы, баят (тейит), туума тукум (найман) ж. б. «Кыргыз өлкөсү» жайгашкан аймактарды мекендешкен, кыргыз этносунун курамына жуурулушкан. Энесай- дын чыгыш тарабындагы жайгашкан жерлер монголдордо 12-13- кк. «Баргужин-Тукум» деген ат менен белгилүү болгон. Рашид ад- Дин берген маалыматтарга караганда, баргуттар (-т монгол тилдеринде көптүк маанини аныктаган сөз жасоочу мүчө) Чыңгыз хан жана анын мураскорлоруна ак дилден кызмат өтөшкөн. Баргу, төөлөс, туматтар падышаларын «инал» деп аташары алардын те- гинин кыргыз экендигин дагы бир ирет тастыктаары ырас. Баргалжан (Баргужин) монгол тилдеринде «түнт токойлуу», «өздөштүрүлө элек тоолу аймак», токум - монг. төхүм. «төркүн», «уруулаштар», «туугандар» дегенди аныктайт. Учурда Бурятияда Баргузин аттуу аймактык-административдик бирдик бар экендиги маалым. Демек, жогорудагы маалыматтарга таянсак, этникалык аталыш- тын эзелки мааниси «токойлуу, тоолуу аймакта жашаган тектеш, уруулаш туугандар» маанисин аныктайт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк.Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|