Аземил — топоним. Дайра жана анын боюнда жайгашкан өрөөн. Жакып Алтайда турганда жердеген. Борбордук Азияда Эмел аттуу жер-суу ысымдары көп. Аземил ошолордун өзгөргөн бир түрү болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4