Ай туу - солто уруусунун курамындагы негизги уруктардын бири катары эсептелет[1]. Этнонимдин биринчи компоненти “ай” - уруунун эн тамгасын ( “ай тамга” же “ай тамгалуу солто уруусу”) аныктайт. Экинчи компоненти “туу”; “туу-тоу” бир маанини туюнтушу мүмкүн.

Кытайлар Чыгыш Түркстандын Мусулман-түрктөрүн (кыргыз, уйгур тажик ж.б.) “чантоу” деп аташкан. “Чан” - кытай тилинде “чалма”, ал эми “тоу” - “баш” маанисин аныктайт[2]. Демек, этноним “ай баш”, же “ай тамгалуу уруу, урук” маанисин туюнтушу ыктымал. Ай туу (тоу) - «ай баш» этникалык аталыштарынын маанисин синонимдеш сөздөр катары кароого болот.

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Абрамзон, 1960,Т.IV, с.26
  2. Малов, 1957, 140

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 6. ISBN 9967-21-621-2