Айты Муса уулу
Айты Муса уулу (1899, Ат-Башы району, Жаңы-Күч айылы — 1983, ошол эле жер) — санжырачы.
14—16 жашында Исакун молдонун жиберүүсү менен Кашкардан 2 жыл окуган. Араб тилинде эркин окуган сабаттуу адам болгон. "Пограничник" колхозунда иштеген. Согуш учурунда жумушчу батальондо болгон. Кыргыз элинин санжырасын жатка билген, сөзмер, чечен адам болгон.
Адабият
түзөтүү- Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|