Айыл аймагы

3-деңгээлдеги Кыргызстандын административдик-аймактык бөлүнүшүнүн негизги бирдиги

Айыл аймагы (2013-жылгы чейин Айыл округу) — 3-деңгээлдеги Кыргызстандын административдик-аймактык бөлүнүшүнүн негизги бирдиги, бир же бир нече айылдык калктуу конуштардан жана ага чектеш аймактардан түзүлөт[1] . Аймактын аткаруу бийлигинин жетекчиси айыл өкмөтү, мыйзам чыгаруучу кызмат өкүлдөрү айылдык кеңеш деп аталат, сот бийлиги жергиликтүү аксакалдар соту менен чектелет.

Статистикасы түзөтүү

2018-жылга карата республиканын аймагында 453 аймак бар[2]. Алардын көпчүлүгү Чүй облусунда — 105, эң аз айылдык аймак Баткен облусунда — 31 гана айыл аймагы бар. Эң көп аймактары бар райондор — Сокулук жана Өзгөн, ар биринде 19дан аймак, эң азы — Чаткал району, ага 4 гана аймак кирет.

Калкынын саны боюнча республиканын эң ири айыл аймагы — Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк аймагы. 2017-жылы катталган калктын саны боюнча, аймакта 45 494 адам жашайт. Эң аз калкы бар аймак — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек, анда 173 адам гана жашайт [3] .

Эскермелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү