Бердибаев Акмат (1926, Ак-Суу району, Ичке-Жергез айылы — 1989, Каракол ш.) — артист. Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1979).
1944—62-ж. Ысык-Көл драма театрында, 1962—66-ж. Кыргыз академиялык драма театрында, 1966—83-ж. М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында, 1983—89-ж. К. Жантөшөв атындагы Ысык-Көл драма театрында эмгектенген. Ар кыл драма образдардын ички тереңдигине актердук анализ жүргүзүп, чеберчилик менен аткара билген артист.
Аткарган негизги ролдору: Карандышев (А. Н. Островский, «Сепсиз кыз»), Дөлөн хан (К. Жантөшөв, «Курманбек»), Басмачы (Ж. Садыков, «Чакмак таш»), Борколдой (3. Сооронбаева, «Эркек колукту»), Дадый (Т. Абдумомунов, «Ашырбай») жана башка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.