Акроыр
Акроыр (грек.— четки) — ыр сабынын башындагы тамгаларды жогортон төмөн каратып окуганда, көбүнчө кимге арналгандыгын же ким тарабынан жазылгандыгын билдирген, болбосо дагы бир кандайдыр сөз келип чыккан, мына ушундай тартипте түзүлгон ырды акроыр деп аташат.
Дүйнөлүк адабияттын тарыхында акроыр байыркы доордо эле пайда болуп, азыркы мезгилге чейин колдонулуп келген форма. Акроыр кыргыз поэзиясында кездешет. А. Токомбаевдин «Жашасын жаз», Ж. Мамытовдун «Акроыр» деген ырларын мисалга келтирүүгө болот.
Булак
түзөтүү- http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|