Акро ыр (грек- четки ыр) – сабынын башындагы тамгаларды жогортон төмөн каратып окуганда, көбүнчө ырдын кимге арналгандыгын же ким тарабынан жазылгандыгын билдирген, болбосо дагы бир кандайдыр сөз келип чыккан тартипте түзүлгөн ыр. Дүйнөлүк адабияттын тарыхында акро ыр байыркы доордо эле пайда болуп, азыркы мезгилге чейин колдонулуп келген форма. Акро ыр кыргыз поэзиясында да кезигет. А.Токомбаев “Жашасын жаз”, Ж. Мамытов “Акро ыр” деген ырларын жазган. Мис.,
Бапестеп бодо мал баккан,
Аракетчил, кайратман.
Дайыма жеңип мелдеште,
Айранын, сүтүн жайнаткан.
Чарбанын андай адамын,
Ырысы тоо деп санаган. (Т. Самудинов)
Ырдын сап башындагы тыбыштарын тигинен окуп келсек, “Бадачы” деген сөз чыгат.

Адабият түзөтүү

Шериев Ж., Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3