Актанов Тойчу Кулунтай уулу

Актанов Тойчу Кулунтай уулу (1910-1942) - кыргыз окумуштуу-агартуучуларынын алгачкыларынын бири.

Чүй областынын Аламедин районунун Кашка-Суу айылында туулган. 6-класска чейин кыргыз мектебинде, кийин Бишкектеги №6 орус мектебинде окуган. 1927-1930-жылдары Ташкендеги педагогикалык институтта окуган. Анын атасы жергиликтүү кулак катары куугунтукталган.

Эмгек жолу түзөтүү

1938-1941-жылдары Фрунзедеги педучилищада сабак берген, илимий изилдөө иштерин алып барган жана Кыргызстандын басылмасынын редакторунун милдетин аткарган. 1937-жылы К.О.Бакеев менен бирге «Кыргыз тилинин синтаксисинин конспестиси» деген эмгекти жарыкка чыгарган. 1938-1940-жылдары 6-7-класстар үчүн окуу куралдары басылып чыккан. 1938-жылы «Кыргыз тилинин окуу куралы» экинчи китеби басылып чыккан. Кыргыз орфографиясынын сөздүгүнүн автору болгон. Н.М.Абрамов менен бирге «Алиппе: Окууга жана жазууга үйрөтүү үчүн» окуу куралын чыгарган.

32 жашында анын 10дон ашык окуу куралы басылып чыккан.

1942-жылы согушта курман болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке. Бишкек, 1997.