Кашка-Суу (Аламүдүн району)
Кашка-Суу (кырг. Кашка-Суу) — Кыргыз Республикасынын Чүй облусун Аламүдүн районундагы айыл. Байтик айыл округу составына кирет. Кашка-Суу кыштагы – Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы тоолуу кыштак. Кашка-Суу суусунун боюнда жайгашкан. Бишкектен түштүккө карай 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айыл чарбасы, малчылык, багбанчылык өнүккөн. Болжол менен 7 миң түтүн жашайт.Айылдын сегиз жылдык мектеби 1990-жылдардан бери кыргыздын чыгаан агартуучусу Тойчу Актановдун ысымын алып жүрөт. Бул айылдан агартуучу Тойчу Актанов, коомдук ишмер Бейшенбай Мураталиев, илимпоз географ Касымалы Жумашев, сүрөтчү А. Дайыров, генерал Алмаз Камчыбеков, боксчу Шайбек Карагазиев, жана башкалар чыккан. Бул айыл Совет доорунда Аламүдүн советтик чарбасына караган учур да болгон. Айылды өрдөй дачалар курулган. Айылдын жогору жагында Кашка-Суу суу сактагычы курулган. Андан жогорураак “Ала-Арча” жаратылыш паркы жайгашкан.
Отурукташкан жай
Кашка-Суу
|
Калкы
түзөтүүКалкы - 1 280 киши.[1]
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Чуйская область. Текшерилген күнү 28 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
Пайдаланылган адабияттар:
түзөтүү1. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.