Бул макала болуп жаткан окуя жөнүндөгү маалыматты камтыйт.
Жаңы билдирүүлөр түшкөн сайын, бул макаладагы маалыматтар өзгөрүлүп турушу ыктымал. Алгачкы кабарлардан түшкөн маалыматтар жалган болушу мүмкүн.

2024-жылдын 25-декабрында эртең менен Бакудан Грозныйга учкан „Azerbaijan Airlines“[1] аба жолдоруна таандык учак Актау шаарына жакын жерге кулап түшкөн[2]. Учакта 67 киши болгон. Жүргүнчүлөрдүн 37си Азербайжандын, 16сы Орусиянын, 6сы Казакстандын жана 3ү Кыргызстандын жарандары[3]. Азербайжандын Башкы прокуратурасы 32 жүргүнчү аман калганын билдирди[4].

Embraer 190 учагы 11 жыл мурун ишке киргизилген. Кырсык учактын башкаруу системасынын иштен чыгуусунан же учуу учурунда канаттуу менен кагылышынан улам болгон деп болжолдонууда[5].

Учак 2013-жылы чыгарылган Embraer E190AR болуп, 4K-AZ65 номери менен катталган жана сериялык номери 19000630. Акыркы техникалык көзөмөл 2024-жылдын 18-октябрында өткөн[6]. Учак эки General Electric CF34-10E6 кыймылдаткычы менен иштейт жана Азербайжандын улуттук авиакомпаниясына таандык болгон „Azerbaijan Airlines“. Ошондой эле учак Азербайжандын расмий ташуучу транспорту катары кызмат кылып келген.

Соңку маалыматтар

түзөтүү

Соңку маалыматтарга караганда кырсыктан борттогу 67 кишинин 38и каза болду, 29у аман калып[7], ооруканага жеткирилген[8].

Учак кырсыгынан улам 26-декабрь Азербайжанда аза күтүү күнү деп жарыяланды[9].

Кырсык

түзөтүү

Учак саат 7:55те (UTC+04:00) Баку эл аралык аэропортунан Грозный аэропортуна учуп чыккан[10]. Flightradar24 учуу көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, белгисиз себептерден улам учак Грозныйдын жанынан учуп баратканда күчтүү GPS сигналы үзгүлтүккө учураган[11]. Грозныйдагы коюу тумандан улам учак Дагестандын Махачкала шаарында жайгашкан Уйташ аэропортуна багыт алган[12]. Учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:40та (UTC 04:40) болжол менен 9144 метр (30 000 фут) бийиктикте радардан жоголуп, Казакстандын жээгине жакын жерде саат 10:07де (UTC 06:07) кайра пайда болгон[13].

Реакция

түзөтүү

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевге азербайжандык жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди[14].

Булактар

түзөтүү
  1. Авиакомпаниянын расмий сайты. (орусча) (25-декабрь, 2024-жыл). Текшерилген күнү: 25-декабрь, 2024-жыл.
  2. Бакудан Грозныйга бараткан учак Казакстанга кулап түштү. (кырг) azattyk.org (25-декабрь, 2024-жыл). Текшерилген күнү: 25-декабрь, 2024-жыл.
  3. Актауда учак кырсыгы. Учакта кыргызстандыктар болгон. (кырг) 24.kg (25-декабрь, 2024-жыл). Текшерилген күнү: 25-декабрь, 2024-жыл.
  4. Fouda, Malek. Azerbaijan Airlines plane crashes near Aktau in Kazakhstan, over 30 likely dead (англисче) euronews (25-декабрь, 2024-жыл). Текшерилген күнү: 25-декабрь, 2024-жыл.
  5. „Источник назвал возможные причины крушения самолета в Казахстане“ РИА Новости (25-декабрь, 2024-жыл). Текшерилген күнү: 25-декабрь, 2024-жыл.
  6. „Latest full technical control of aircraft, crashed near Aktau, conducted in October of this year“ (англисче) Apa.az. (25-декабрь, 2024-жыл). Текшерилген күнү: 25-декабрь, 2024-жыл.
  7. Актауда учак кырсыгы. Аман калгандардын арасында Кыргызстандын эки жараны бар. (кырг) 24.kg (25-декабрь, 2024-жыл). Текшерилген күнү: 25-декабрь, 2024-жыл.
  8. Казакстандагы учак кырсыгы: 38 киши каза тапты, 29у ооруканада. (кырг) azattyk.org (25-декабрь, 2024-жыл). Текшерилген күнү: 25-декабрь, 2024-жыл.
  9. Учак кырсыгынан улам 26-декабрда Азербайжанда аза күтүү жарыяланды. (кырг) azattyk.org (25-декабрь, 2024-жыл). Текшерилген күнү: 25-декабрь, 2024-жыл.
  10. Kaminski-Morrow, David „Over 30 survive Azerbaijan Embraer 190 crash in Kazakhstan: ministry“ (англисче) Flight Global (25-декабрь, 2024-жыл). Текшерилген күнү: 25-декабрь, 2024-жыл.
  11. „Dozens killed as passenger plane crashes in Kazakhstan“ (англисче). BBC. (25-декабрь, 2024-жыл). Текшерилген күнү: 25-декабрь, 2024-жыл.
  12. „Azerbaijani airliner with 67 people onboard crashes in Kazakhstan leaving 32 survivors“ (англисче) Associated Press (25-декабрь, 2024-жыл). Текшерилген күнү: 25-декабрь, 2024-жыл.
  13. „38 Killed After Azerbaijan Airlines Plane Crashes in Kazakhstan“ (англисче) The Moscow Times. (25-декабрь, 2024-жыл). Текшерилген күнү: 25-декабрь, 2024-жыл.
  14. Садыр Жапаров учак кырсыгына байланыштуу Илхам Алиевге көңүл айтты. (кырг) 24.kg (25-декабрь, 2024-жыл). Текшерилген күнү: 25-декабрь, 2024-жыл.