Актачы - найман уруусунун курамындагы урук.

Академик Б. Ө. Орузбаева “акта” - монголчо “акта” = ат + чы; “атчы”, “ат багуучу” деген маанини түшүндүрөрүн жазат[1]. -чы, -ча морфемасы кесиптин, кыймыл-аракеттин маанисин билдирүүчү сөз жасоочу мүчө. Сөздүн уңгусу “акта” (ахта) П.М. Мелиоранскийдин пикири боюнча түрк жана монгол тилдерине монгол жеңип алууларынын учурунда фарсы тилинен XIII к. чектеринде кирген. Сөздүн алгачкы мааниси “бычылган ат” дегенди түшүндүрүп, кийинчерээк жылкынын жалпы аталышы катары калыптанган[2]. Этноним сөз катары эзелки формасын сактап калган.

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Орузбаева, 1980, 70.
  2. Щ ербак, 1961, 86.

Колдонулган адабияттар түзөтүү