Акушер-гинеколог — акушер-гинекологиялык патология, гинекология ооруларын алдын алуу жана дарылоо, боюнда бар аялдарга медициналык байкоо жүргүзүү, төрөттө жана төрөттөн кийинки мезгилде врачтык жардам көрсөтүүчү атайын даярдалган адис-врач.

Акушерка(аначы)төрөт үйлөрүндө, аялдар консультациясында аялдарга өз алдынча акушер-гинекологиялык жардам көрсөтүүчү атайын орто билимдүү медициналык кызматкер. Акушерка боюнда бар аялдарды диспансердик каттоого алып, байкоо жүргүзөт, акушердик анамнез, патронажды жыйнайт, ошондой эле санитариялык агартуу ишин жүргүзөт, аялдарды төрөткө психикалык жактан даярдап, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин медициналык жардам көрсөтөт. Шашылыш учурларда врач келгенче врачка чейинки медициналык жардам берет. Акушеркаларды даярдоо жана кайра даярдоо медициналык окуу жайларда жүргүзүлөт.

Акушерлик, аначылык — клиникалык медицинанын кош бойлуу мезгилде, төрөт убагында, төрөттөн кийин аялдын организминде болуучу кадимки жана патологиялык процесстерди изилдөөчү бөлүмү. Ал — медициналык илимдин байыркы тармактарынын бири. Анын негизги проблемалары — кош бойлууларга (мис., талгак болгондо), төрөткө жардам берүүнүн натыйжалуу ыкмаларын жана төрөттөн кийинки мезгилдерде болуучу кабылдоолордун (кан кетүү ж. б.) алдын алуу чараларын, ошондой эле кабылдоолордо энеге, курсактагы жана төрөлгөн балага жардам берүү чараларын иштеп чыгуу. Акушерликтин практикалык мааниси кош бойлуу аялдарга, төрөт убагында жана төрөттөн кийин, ошондой эле төрөлгөн балага медициналык жардам көрсөтүү болуп эсептелет. Азыркы акушерлик жана гинекология бир дисциплинаны түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8