Акылбеков Сабырбек Мамбетсыдыкович

Акылбеков Сабырбек Мамбетсыдыкович (15.3.1914, Калинин району, Кум-Арык кыштагы-15.4.1968, Фрунзе)-кыргыз совет сүрөтчүсү.Кыргыз ССР инин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1958). 1961-жыл КПСС тин мүчөсү.

Акылбеков Сабырбек Мамбетсыдыкович
Төрөлгөндөгү ысымы

Акылбеков Сабырбек Мамбетсыдыкович

Туулган датасы

15 -март 1914(1914-03-15)

Туулган жери

Кум-Арык (азыркы Жайыл району

Өлгөн датасы

15 -апрель 1968(1968-04-15) (54 жаш)

Өлгөн жери

Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы

 ССРС

Жанры

Жаратылыш

Сыйлыктары
«Ардак Белгиси» ордени  — 01.11.1958
Кыргыз ССРинин жогорку кеңешинин беш ардактуу грамотасы
Кыргыз ССРинин жогорку кеңешинин грамотасы
Чини
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген өнөр ишмери


Билими түзөтүү

Адегенде С.А. Чуйковдон жана В.В Образцовдон кийин белгилүү орус совет художниктери Н.П. Крылов менен болгон жана П.И. Петровичтен таалим алган.

Кызматы түзөтүү

Педогогикалык окуу жайында, мектепте сүрөт мугалими (1932-1934), Фрунзедеги сүрөт окуу жайында педагог (1956-1961), жана директор (1961-1965), болуп иштеген.

Эмгектери түзөтүү

Алгачкы пейзаждык чыгармасы- “Колхоздун короо кою” (1939) деген картинасында Акылбеков сүрөтчүлүккө жөндөмдүүлүгүн даана көрсөтө алган. 1932-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун декадасында анын чыгармалары көргөзмөгө коюлат.Акылбеков кыргыз сүрөт өнөрүнө чебер пейзажист жана портретист катары кирген.Буга анын “Чүй өрөөнүндө”, “Алыскы жайлоодо”, “Колхоз корукчусу”, “С. Момунованын портрети”деген сүрөттөрү күбө.
“Кыргызстан талааларында” (1954) деген сүрөтү Акылбековдун этаптык чыгармасы болуп калды.Бул чыгармасында илимий прогресстин натыйжасында кол эмгеги техника менен алмашканын чебер көрсөткөн.

Кошкон салымы түзөтүү

1952-жылы кыргыз сүрөтчүлөрү менен бирге Кыргызстан мамлекетинин Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театрын коздоого катышат.

Чыгармачылыгы түзөтүү

1960-жылдары Акылбековдун чыгармачылыгы кемелине жетип, ал “97-чакырымда” (1960), “ Кыргызстандын түштүгүндө”(1964) “Шаардын бир бурчу” (1964), “Туулган жерде” (1965) жана башка белгилүү пейзаждык чыгармаларын жаратты. Омүрүнүн акыркы жылдарында Акылбеков республикалардын дүркүрөп өскөн индустриясын чагылдырган “Завод” (1965) “Заводдук трасса” (1966) аттуу картиналарын тартты.

Сыйлыктары түзөтүү

Акылбеков Эмгек Кызыл Туу жана “Ардак Белгиси” ордендери, медаль менен сыйланган.

Пайдаланылган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы* 1-том Ф.,1973