Акылынан адашкан Макс:Каардуу жол

"Акылынан адашкан Макс- Каардуу жол" (англ. Mad Max: Fury Road, орус. Безумный Макс: Дорога ярости)- 2015-жылы Жорж Миллер тартып жана продюсерлик кылган экшн тасма. Тасманын сценарийин Миллер, Брендан Маккартни жана Нико Лазурис жазышкан. Тасма бензин жана суу жетишсиз болгон келечектеги чөлдүү аймакта орун алган. Анда Макс Рокатански (Том Харди) узун жолдуу согушка түрткөн "Өлбөс Жо"(Хү Кейс-Бирне) жана анын куралчан танкер унаасынан качыш үчүн, аскерий жетекчи Фуриосага (Шарлиз Терон) кошулгандыгы баяндалат.

Тасманын бет ачаары 2015-жылы, 7-майда "TCL" атту кытайлык кинотеатрда өткөн. Тасма дүйнө жүзүнө 2015-жылы, 14-майда жайылтууга берилген жана "Канн Кино Фестивалында" жарышуудан тышкары 2D,3D, IMAX 3D жана 4DX форматтарында көрсөтүлгөн. Ошондой эле 378 миллион АКШ долларын табуу менен "Акылынан адашкан Макс" тасмаларынын эң кирешелүү чыгарылышы атыккан. Тасма көптөгөн киносынчылар тарабынан 2015-жылдын эң мыкты тасмасы деп белгиленип, дүйнөдөгү эң мыкты экшн тасмалардын бири деп эсептелинип келет. "Каардуу жол" бир нече киносынчылардын жана гилдия сыйлыктарына ээ болуп, "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер"(Жорж Миллер) сыяктуу "Оскар" сыйлыгынын он наамына көрсөтүлгөн. Анын ичинен "Эң мыкты костюм дизайны", "Эз мыкты сүрөтчү-коюучу", "Эң мыкты макияж жана чач жасалга", "Эң мыкты киномонтаж", "Эң мыкты үн монтаж" жана " Үндөрдүн мыкты айкалышы" сыяктуу наамдарын жеңип алган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү