Ак-Суу, Жумгал районундагы суу

Ак-Суу, Жумгал районундагы суу, Ийри-Суу - Суусамырдын сол куймасы. Узундугу 41 км, алабынын аянты 218 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталынан башталып, жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу түндүккө, бара-бара түштүк батыш тарапты карай агып, Суусамырга куят. Куймалары: Бөйрөк, Бадалаташ, Кара-Төр, Жинди-Суу ж. б. Апрелде кирип, октябрда тартыла баштайт. Жылдык орточо чыгымы 2,56 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Тунук кыштагы жайгашкан.

Ак-Суу
Мүнөздөмө
Узундугу 41 км
бассейндин аянты 218 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-006-2