Ак-Шыйрак өрөөнү

Ак-Шыйрак өрөөнү - Борбордук Теңир-Тоодогу Сарыжаз суусунун алабында. Түндүгүнөн Эшегарт, түштүгүнөн Бооралбас, Акзоо, Миңтеке, Кайчы жана Каразоо (Жаңарт) тоолору менен чектешет. Уз. 60 км, туурасы 6 км. Өрөөндүн таманынын орточо бийиктиги. 2300–2900 м. Чыгышы түзөң, батышы бийик, адырлуу, түндүгү. жана түштүк. Жагы торпу-белесчелүү. Тоо капталдары кууш өрөөн, капчыгайлуу (Кызыл-Капчыгай, Үчкошкон ж. б.). Неотектоникалык тиби — грабен-синклинорий. Неоген менен палеогендин кумдук, чопо, конгломерат тектеринен түзүлгөн. Ак-Шыйрак суусунун баш жагында карбондун роговик жана чөкмө тектериортоңку бөлүгүндө ири кристаллдуу кызгылтым түстөгү гранит тектери жер бетине,чыгып жатат. Өрөөн аркылуу Ак-Шыйрак суусу агат. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орточо. температурасы – 15,1°С, жайы салкын, июлдуку 11,8°С. Жылдык жаан-чачыны 200–220 мм. Чөл жана жарым чөл (2900 м –3400 мге чейин), талаа (2600–3800 м), субальп жана альп шалбаа (3000–4000 м), андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Өрөөндө Ак-Шыйрак кыштагы, метеостанция жана башкалар бар.

АдабияттарОңдоо

  • «Кыргызстан географиясы.Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору» - Бишкек. 2004