Боор-Албас тоосуАлай-Куу кырка тоосунун бир тармагы. Терек-Тоодон Ойбала түздүгү жана Жарыкбел ашуусу аркылуу бөлүнүп,түштүк-чыгыштан түндүк-батышты карай 20 кмдей созулуп жатат. Орточо бийиктиги 3700 м, эң бийик жери 5200 м (Жарыкбел чокусу) Палеозойдун акиташ теги, сланец, гнейс, мрамор жана гранит тоо тектеринен турат. Тоо кыры түндүк-батыштан түштүк-чыгышты карай бийиктеп, өз алдынча бир нече тоо массивдерине (Бекетай, Кичи Бооралбас, Чоң Бооралбас, Жолжылга жана башка) бөлүнөт. Капталдары тик, кокту-колот, капчыгайлуу, аскалуу, муз доорун да тегизделген тайпак кырлуу рельеф мүнөздүү. Жарыкбел, Кызылагын жана башка мөңгүлөрү бар. Тоонун ландшафты бийиктик боюнча каптал экспозицияларына жараша түндүктөн түштүккө карай өзгөрөт. Негизинен токойлуу талаа (2500–2700 м бийиктикте), токой (2700–3200 м), субальп жана альп шалбаасы (3200–39 00 м),кар мөңгүлүү ландшафт алкактары мүнөздүү.

Адабияттар

түзөтүү