Ак ит - солто уруусундагы бөлөкпайдын курамындагы урук[1].

Жашоосу мал чарбачылыгына байланышкан элдерде уруу аттары үй айбандарынын энчилүү аттары менен атоонун өзүнчө бир мааниси, себептери бар. Ит - карышкыр сыяктуу эле байыркы көп элдердин, анын ичинде кыргыз урууларынын да тотем-жаныбары болгондугун ырастаган далилдер бар (караңыз: С.М.Абрамзон, 1990, 305; Т.Баялиева, 1972, 19-21, Л.П. Потапов, 1949,122; С.Атаниязов, 1990, 9-6. ж .б.). Кыргыз санжыраларында айтылган мифологиялык сары иттер - тотемизмдин таасирлерин ырастагансыйт. “Кыргыздын ишениминдеги кызыл иттер жөнүндөгү мифология ислам дини кабыл алынгандан соң, бир топ бурмаланган”[2]. Ит, барак, ногой (нохой) маанилеш этнонимдер. Ит байыркы кыргыздардын түшүнүктөрүндө ар түрдүү оорулардан, кокустуктардан, кайгы-мундан арылтчу касиетке ээ болгон (караңыз: Т.Баялиева, 1972, 19-21). Кара кидандарда (кара кытайлар) жылдын күз мезгилинде туш келген майрамы “дан-хе-ми” ( “ит баш”) деп аталган. Бул жамааттык майрамда мамлекеттин акими ак итти өз колу менен курмандыкка чалгандыгы жөнүндө маалыматтар бар[3]. Ит тотем-жаныбар катары чыгыш теги карышкырга байланыштуу болуу керек жана адам баласы тарабынан эң алгачкы колго үйрөтүлгөн үй айбаны катары белгилүү. С.М. Абрамзон итке болгон байыркы ишенимди тотем-карышкыр менен бирдей түшүнүктө кароо зарылдыгын баса белгилейт[4].

Эскертүүлөр

түзөтүү
  1. Абрамзон, 106
  2. Абрамзон, 1990, 305-306.
  3. Толстов, 1933, 12-13.
  4. Абрамзон, 1990, 305- 306.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 6. ISBN 9967-21-621-2