Ак суюктук — аялдардын жыныс органдарынан күчөп бөлүнгөн секреция. Ден-соолугу таза аялдарда жатын жана жатын моюнчасынын былжырлуу катмарынын секрециясы мезгили менен, мисалы, этек кир алдында жана андан кийин, жыныстык жетилүү мезгилинде, кош бойлуулукта көбөйүп турат, бирок бул бөлүнүүлөр өздүк гигиенаны сактаган аялдарда байкалбайт. Өзгөчө жыттуу суюктук бөлүнүп, жагымсыз суулануу, кычышуу, ачышуу аялдардын жыныс органдарынын (мисалы, аднексит, вульвовагинит, кольпит ж. б.) же организмдин айрым ооруларында (мисалы, туберкулёз, аз кандуулук, кант диабети, жүрөк оорулары) байкалат. Ак суюктук жыныс кынынын капталы ылдый түшүүдөн, өздүк гигиенаны сактабоодон, бойго болтурбоо максатында химиялык заттарды узакка колдонуудан, концентрацияланган дезинфекциялоочу эритме менен кынды жуугандан, ич каткандан жана аз кыймылдоодон ж. б. болушу мүмкүн. Жатындын, жатын түтүктөрүнүн, жатын моюнчасынын, жыныс кынынын, вестибулдук ак суюктук болуп айырмаланат. Өзгөчөлөнгөн бөлүнүү пайда болгондо дароо врач-гинекологго кайрылуу керек. Алдын алуу максатында аялдар мезгили менен профилактикалык текшерүүдөн өтүп туруулары зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8