Секреция — без клеткаларынын организмдин тиричилик аракети үчүн зарыл продуктулар — секретти пайда кылуусу жана аны бөлүп чыгаруу процесси. Бөлүнгөн секрет теринин, былжыр челдин сыртына же ичеги-карын жолуна чыкса аны тышкы (экзосекреция), ал эми секрет кан же лимфага бөлүнүп чыкса — ички Секреция (инкреция) деп аталат. Секрециянын эсебинен организмде бир канча өтө маанилүү функциялар жүрөт: сүт, шилекей, карын, уйку безинин зилин, өт, тер, жаш жана гормондорду пайда кылуу жана бөлүп чыгаруу.


Составы жагынан белогу, липиди же минералдуу заттары көп ар түрдүү секреттерди синтездөө жана бөлүп чыгаруучу клеткалар бар. Ар бир бездин Секреция мезгилиндеги биринчи фазасында секреттин биосинтези жүрөт, экинчи фазасында секрет бөлүнүп чыгат. Кээ бир бездерде бул эки фаза бир эле мезгилде үзгүлтүксүз өтөт, кээсинде фазалардын аралыгында бир аз убакыт болот. Секрециянын эки фазасын жөнгө салуучу бир нече фактор (нервдер, гормондор, гистамин, иондор) биргелешип же белгилүү ыраатта тейлейт. Нерв клеткаларынын да секрет чыгаруу жөндөмдүүлүгү бар, алар медиаторлорду, кээ бири физиологиялык активдүү заттар — нейрогормондорду чыгарат.


Колдонулган адабияттарОңдоо

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8