Алай көтөрүлүшү

тарыхый мамлекет, мамлекеттин түрү династиялуу хандык.

Алай көтөрүлүшү — 1845-жылы алайлык кыргыздардын Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү.

Мусулманкул аларга кат жөнөтөт: «Душманды өлтүргүлө. Өлтүрө албасаңар, алайлык карышкырды кармоого бүт мүмкүнчүлүктөрдү кылгыла» — деп жазган. Экинчи кат Алымбекти колдогондорго, Саидбекке, Полот ханга жөнөтүлгөн: «Алайлык Алымбек бүт баарын алайын дейт, ал силерди басынтат, чокою менен башыңарды эзет. Ойлоп туруп, асынткыла» деген. Алымбекке болсо үчүнчү катта минтип жазган «Акем менин, киши бир колдуу болсо, ал жигит эмес. Биз экөөбүз мамлекеттин эки күчтүү колубуз, бирөөбүз жок болсо, экөөбүз тең жок болобуз» деген. [1]

1845 жылы, Мусулманкул Ошко жөнөйт, кыпчак-кыргыз согушунан, кыргыз аскерлеринин жарымы каза табылат, кармалган кыргыз аскерлери Коконго жөнөтүлүшөт. Кийин ал Кур-Оглу (кыпчак) менен достошууга барат, себеби Кур-Оглу дагы кыргыздар менен согушкан.

Исфарадан чыккан Сатыбалды датка такка Мурат-бекти отургузайын деген, Сатыбалды датка Алайлык кыргыздар менен сүйлөшүп, келишип, борборго (Коконго) Мурат-бек'ти жеткизет.

Коконго шаршеби күнү жетишет, базар күнү болгон, кармалган Кыргыз аскерлерин эми жеткизишкен, борбордо эл чогулган. Бул жерде алдын ала даярдалган жарчылар Мурад хандын такка отурганын жарыялашкан. Шераалы «мени шейиттин суусундугун ичүүгө мажбурлады». Төңкөрүшкө Алайдан келген кыргыздардын да, туткундардын алып келген отрядынын да салымы бар болсо керек. Бул окуяларда алайлык кыргыздардын көсөмү Алымбек биринчи жолу чоң саясий аренага чыкты деп божомолдоого болот.

Мурат-бек менен, кыргыздардын чоң аскер-чогулуусу келген (150-200 киши) алар Мурат-бектин күзөтү болгон. Бирок Мурат-бек такта 11 гана күн отурган.

Мусулманкул аскер чогултуп кичине жаштагы Шераалынын баласын Эркин-айым кыргыз аялынан Худаярды хан кылат. Мурат-хандын колдоочудары качат, бир гана кыргыз аскер-чогулуусу (150-200 аскер) калып, аяңкыга чейин согушат. Бирок Мадкерим кыпчактарга Кокондун эшигин ачып, аларды киргизет. Кыргыздардын жарымы каза болот, Мурат-хан ошол жерден кесилген.

Орусия империясы Ташкентти алгандан кийин, Кокон хандыгы бир гана Пергана өрөөнүн кармаган жана көзөмөлдөгөн. Кокон менен Алай өтө көп согушкандыктан, аягында Кокон хандыгы Алайлык кыргыздардын эгемендүүлүгүн тааныган, жана кол салуусун токтоткон. Алайда «патриархиялык мамлекет, бирок башында аял-ажо турган» — Исламга өтө сейрек жагдай!

Бирок, Худаяр хан, алайлык кыргыздарды өзүнүн кулдарындай сезген, ошол убакытта Курманжан датка ага каршы чыккан, жана уткан. Курманжанды биринчи Бухара хандыгынын эмири Музаффар жана кийинчирээк өзү Худаяр хан Алайдын ханышасы деп тааныган.

Курманжан-Датка эң даанышман аял-башкаруучу катары өтө тездик менен атак-даңкка ээ болуп, тоолуу кыргыздардын уруулук талаштарын ийгиликтүү чечип, Кокон хандыгынан көз карандысыз саясат жүргүзгөн. Бул укмуштуу аял Улуу Жибек Жолунун маанисин эң сонун түшүнүп, үрп-адат сыяктуу бир нерсе уюштурган: адегенде элин коркутуу үчүн кербенге жөнөтүп, андан кийин соодагерлер ага өкүмдар катары жардам жана коргоо үчүн кайрылганда, Курманжан коопсуз өтүүчү саякатчылардын баасын атады. Ага уулдары – Абдулла-бек, Мамыт-бек, Камчы-бек жана Асан-бек, ошондой эле жээни Мирза-Паяс жардам беришкен. Алардын ар бири Алайдагы кыргыздардын көчмөн конуштарынын бир бөлүгүн көзөмөлдөп турган.

Булактар

  1. https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/history/historical-records/kurmanzhan-datka/35274-vosstanie-alayskih-kyrgyzov-v-1845godu.html