Мусулманкул (1794–1852) – Кокон хандыгындагы кыргыз менен кыпчактардын таасирдүү төбөлү, хандыкта аталык.
Анжияндык кыпчактардан чыккан.
Мусулманкул кетментөбөлүк кыргыздардын жээни, ошол эле учурда күйөө баласы да болгондуктан, аны кыргыз төбөлдөрүнүн бир тобу жактаган.
1843-жылы Мусулманкул менен Шады датканын ордодогу кутумунун натыйжасында айтылуу Нүзүп бий өлтүрүлүп, Шераалы хандын бийлигин Мусулманкул иш жүзүндө өз колуна топтогон.
Алайлык кыргыз төбөлдөрү Мусулманкулдан бийликти тартып алыш максатында Шераалыны өлтүрүп, такка Алим хандын уулу Шах-Мурадды отургузушкан.
Жети (же 11) күн өтпөй Мусулманкул аны кулатып, Шераалынын Жаркынайымдан төрөлгөн тун уулу 14 жаштагы Кудаярды хан көтөрүп (бул окуя 1845-ж. болгон), өзүн аталык жарыялап, мамлекеттеги бийликти толук колуна алган.
1844–53-жылдары Мусулманкул баштаган кыргыз-кыпчак төбөлдөрүнүн бийлик талашуу күрөштөрүнүн натыйжасында Түндүк Кыргызстанда Кокон бийлигин чыңоо, орус баскынчылыгына каршы туруу маселелери экинчи орунда калган. Мындай абал Россиянын Кыргызстанды каратышына кыйла жеңилдик түзгөн. Мусулманкулдун бийлигине каршы алайлык Алымбек датка баштаган кыргыздар гана эмес, ошол кездеги Ташкендин кушбеги Нармамбет кыпчак да оппозицияда болгон. 1850–51-жылдары Нармамбет ташкендик казак, таластык, чүйлүк кыргыздардын бий-манаптарын колго алуу менен абалын бекемдеп, Мусулманкулга ачык каршы чыккан. Аны ордодо да бир топ өзбек, кыргыз, а түгүл кыпчак феодалдары колдошкон.
Мусулманкулдун күчтөрү менен анын каршылаштарынын чечүүчү салгылашуусу Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгыш жагындагы (Анжиян менен Балыкчынын аралыгында) Былкыллама деген жерде 1852-жылы күз айларында болгон. Бул салгылашууда эки тараптан бир нече миңден адам өлүп, ал Кокон тарыхындагы кандуу кагылышуулардын ирилеринин бири болуп эсептелет. Бул оор салгылашуу Ку-даяр хан өзү баштаган күчтөрдүн кыпчактарды жеңиши менен аяктап, Мусулманкулга нааразы кыпчак феодалдары аны ханга кармап беришкен. Кудаяр хан Мусулманкулду дарга астырып, Кокондогу гана эмес, бүтүндөй Фергана өрөөнүндөгү кыпчак калкын тукум курут кылууга буйрук берген. Натыйжада, 1851–52-жылдары Фергана өрөөнү боюнча 20000ден ашуун кыпчак кырылганын изилдөөлөр ырастайт.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.