Алакалашуу принцибимамлекеттердин эгемендүүлүк теңдиктеринин кыйла жалпы принциби келип чыгуучу эл-аралык укук принциптеринин бири.

Алакалашуу принцибине ылайык эл-аралык келишимдер тең укуктуулуктун жана өз ара пайдалардын жана милдеттердин негизинде түзүлүүгө тийиш. Эл аралык жеке алакалашуу принциби чет элдик жарандарга (юридикалык жактарга) тийиштүү өлкөлөрдөгү өзүнүн жарандары (юридикалык жактары) ошондой укуктар менен жеңилдиктерден пайдаланышкан шарттарда ушул өлкөдө белгилүү укуктарды жана жеңилдиктерди берүүнү билдирет. Мындай өз-ара мамилелер өз-ара укуктар так көрсөтүлгөн, болбосо жергиликтүү мыйзамдардан келип чыккан берилүүчү укуктардын баарын камтыган ички мыйзамдардын же эл аралык келишимдердин негизинде орнотулушу мүмкүн.[1]


Шилтемелер түзөтүү

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7