Аламүдүн курорт зонасыАламүдүн р-нундагы бальнеол. климаттык курортко ылайыктуу аймак.

Бишкек ш-нан 25 км түш. тарапта. Кыргыз Алатоосунун түн. этегинде, Аламүдүн суусунун өрөөнүндө, деңиз деңг. 1900 м бийиктикте жайгашкан. Климаты мелүүн континенттик; январдын орт. темп-расы–7°С, июлдуку 16°С. Жылдык жаан-чачыны 500 ммдей. Жылдык орт. салыштырмалуу нымдуулугу 56%. Күн тийүү узактыгы жылына 1800 саат. Жайында көбүнчө тоо-өрөөн шамалы согот. Жагымдуу климатынан сырткары минералдуу ысык булактар (к. Аламүдүн минералдуу суусу) бар. Ден соолукту чыңдоочу 8 мекеме (2000 орундуу) иштейт.

Аламүдүндүн ысык суусунун негизинде 1986-жылдан «Теплые ключи» деген 150 орундуу санаторий-профилакторий иштейт. Минералдык суу ресурсуна ылайык санаторийди келечекте 500 орунга чейин жеткирсе болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2