Аламүдүн мөңгүсүКыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,9 км, аянты 5,4 км2.

Чүй дарыясынын сол куймасы Аламүдүн суусунун төрүнөн (сол тарабынан) орун алган. Токтогул мөңгүсүнүн түндүк-чыгыш тарабында. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээли 4430 м, этеги 3240 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3790 м. Абляция облусунун аянты 3,1 км2. Мөңгүдөн Аламүдүн суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү