Ала-Арча кени - Чүй өрөөнүндөгү чопо жаткан жер. Аламүдүн районундагы Ала-Арча кыштагынан 1,5 км түндүктө, Чүй суусунун сол өйүзүндө. 1927-ж. табылган. 1955-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Чопо катмары Чүй суусунун кашат тектерин түзүп, жээкти бойлой жайгашкан. Калыңдыгы 43 м. Лёсс сымал күлботодон турат. Каралжын боз, күрөӊ, киргил сары түстө. Арасынан кум, шагыл таштын линза түрүндөгү бирин-серин катмары учурайт. Чопо химиялык-физикалык касиети боюнча «100», «150» маркадагы кирпич, «75», «100» маркадагы карапа ташын жана аглопорит алууга жарактуу. Запасы 2,1 млн м. Кен казылып алынууда.