Ала тамакакак, шуру, бермет, тор сайма, курак, чачы оймо жана башка азем буюмдарын бири-бирине айкалыштыра колдонуу менен жасалган баалуу кооздук. Аны кыз-келиндер төшүнө тагынган. Ала тамактын асты жагында жамбы же тыйын кадалган кыюсу болгон. Желке жакка байлап, көкүрөккө жая тагынышкан. 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башына чейин мындай кооздук Кыргызстандын бардык жеринде болгон. Азыр эл ичинде өтө сейрек кездешет.

Адабият түзөтүү

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”


Интернеттик шилтемелер түзөтүү