Алет уругу - солто уруусунун курамындагы урук[1].

Этноним тууралуу түзөтүү

Этнонимдин байыркы формасы “алат” болушу мүмкүн. Изилдөөчүлөр бул энчилүү атты “алакчын” этноними менен байланышта карап жүрүшөт. ”Алат” этноними кытай жыл баяндарында “гюньма”, “хэлэ”, “била”, “элочжи” формаларында чагылдырылат. Ошол кытай жыл баяндарындагы “алат” этноними “ала аттуулар уруусу, эли” деген маанини туюнткан[2]. Байыркы кытай жыл баяндарында эскерилген “Бо-ма” этноними “алат” этникалык аталышынын түз калңкасы катары “ала аттуулар” маанисин берери такталган. Түсү ала жылкылар хунндарда, байыркы түрктөрдө, уйгурларда, кийинки доорлордогу башка көчмөн элдерде сыйынуучу ыйык жаныбар катары белгилүү болгондугу маалым[3].

Тарых түзөтүү

“Цзю-Таншу” 638-ж. Батыш Түрк каганы Торок ханга (Ду-лу кэхан) баш ийдирилген басмыл, киргут (кыргыз), тухсикундарда да “ала аттуу уруулардын” болгондугун кабарлайт[4].
Алаттар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар б.з. IV к. белгилүү боло баштайт. Ордос жана Иншандын түндүк тараптарын байырлашкан алаттар VI-VIII кк. Алтайдын түндүгүнө журт которушуп, кийинки кыпчак, огуз-түркмөн урууларынын курамдарына жуурулушуп кетишкен[5]. Алаттардын айрым бөлүктөрү Лена дарыясынын жогорку агымы аркылуу түндүккө карай жер которушуп, кийинки саха-якуттардын этногенезисинде олуттуу ролго ээ болушту[6]. Кытай жыл баяндары алаттардын сырткы антропологиялык келбети, каада-салттары кыргыздарга окшош келип, тили жагынан айырмаланарын кабарлайт[7]. Бул маалыматтардан улам, алаттарды кыргыздардын курамындагы эң байыркы этникалык компоненттердин бири катары кароого толук негиз бар.

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Абрамзон, 106.
  2. Бичурин, 1950, Т. I, 350; Бартольд,1963, Т. II, 480-481; Савинов, 1985, 30.
  3. Савинов, 1985, 30.
  4. 3уев, 1960, 124.
  5. Зуев, 1962, 116.
  6. Савинов, 1985, 37.
  7. Бичурин, 1950, 37.

Колдонулган адабияттар түзөтүү