Саха-якуттар - Россия Федерациясынын Саха-Якут республикасынын түпкү калкы. Түрк тилинде (якут тилдер бутагы) сүйлөшөт. Калктын жалпы саны 400 миңге жакын.

Теги жагынан байыркы огуз, уйгурларга жакын; монгол, тунгус-манжур элементтери да байкалат. Саха-якуттардын ата-бабалары Борбордук Азиядан Лена дарыясынын төмөнкү агымын көздвй көчүп отурукташкан. Түпкү бабаларынан болгон курыкандар (араб-фарси бутактарында - фурилер) кыргыздарга кошуна жайгашкан, алардан чыгыштагы кыштымдарга (көз каранды, салык төлөгөн элдер, уруулар) киришкен. Кыргыздар жөнүндө маалыматтар саха-якут оозеки чыгармаларында да баяндалат. Саха-якуттардын болмуштуу ата-бабалары болгон Омогой жана Эллей кыргыз уруусунан чыккан качкындар катары баяндалат. «Кыргыз омук» («кыргыз санжырасы») ж.б. санжыралык маалыматтар бар. Саха-якуттардын эсинде байыркы кыргыздардын өлүктү өрттөп көмүү салты сакталып калган.

18-к. өзгөчө 19-к. саха-якуттар христиан динине зордоп чокундурулган. Материалдык маданиятында тунгус тилдүү элдердин таасирлери байкалат. Диний ишенимдеринде тотемизм, шаманизм ж.б. элементтери кездешет. Бугу багуучулук, аңчылык, балыкчылык, кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.