Вера Алиева

Алиева, Вера Нурматовна‎»‎ барагынан багытталды)

Вера Нурматовна Алиева (15.7.1940 - 19.10.2014) - кыргыздын белгилүү архитектор айымы, педагог, окумуштуу. архитектура боюнча орусча-кыргызча сөздүктүн түзүүчүсү.

Кыргыз архитектор айымы Вера Алиева. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2012-жылдын 20-октябры.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Вера Нурматовна Алиева (Бүбүйра Аалы кызы) 1940-жылы 15-июлда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Эчки-Башы айылында туулган.

Атасы Аалы (тынымсейит уруусунун күмүш уулунан) айылындагы оокаты тың кишилерден болгон.

Вера 1959-жылы Бишкек шаарында №5 Кыргыз орто мектебин аяктаган.

Вера Алиева 1959-65-жылдары Москва шаарындагы Москва архитектура институтунда таалим алып, кыргыздын туңгуч архитектор айымы болуп калган.

1965-жылдан тартып Кыргыз ГИПРОСтрой конструктордук мекемесинде иштей баштаган.

1972-78-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда архитектура боюнча дарстар да окуган.

1978-80-жылдары Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинде көркөм эксперттик коллегияда иштеген.

1980-90-жылдары Кыргыз ССР Министрлер кеӊешинде ага референт болуп иштеп, маданият тармагын жана чыгармачыл уюмдарды жетектеген.

1990-92-жылдары Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин бөлүм жетекчиси болуп иштеген. Ал кезде Ысык-Көл жана Нарын облустары биригип турган.

1992-95-жылдары – Кыргызстандын Өнөр жай жана соода министрлигинин мамлекеттер аралык байланыш бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.

1995-жылы ардагердик эс алууга чыкканына карабастан, Көркөм өнөр академиясында кыйла жылдар архитектура боюнча дарстар окуган.

Вера Алиева 2014-жылдын 19-октябрында Бишкек шаарында оорунун айынан каза болгон.
Анын сөөгү Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнүндө 20-октябрда жайына берилген.

Үй-бүлөсү. Бир туугандары түзөтүү

Анын артында эки кызы (Асел, Айгүл Эмил кызы Догдуровалар) жана неберелери калды.
Анын улуу агасы Абдырахман Алиев Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттик концлагерден качып чыгып, Европадагы антифашисттик кыймылдарга катышкан. [1]

Абдырахмандан кийинки бир тууган агасы Капар Алиев (1927-жылдын 8-майында Кыргызстандын Теңир-Тоо аймагындагы Эчки-Башы кыштагында туулган) – кыргыздын ичинен чыккан чыгаан радио жуналист болгон. Ал Кыргызстанда алгачкы болуп “Жогорку категориядагы диктор” деген СССРдин деңгээлиндеги кесипкөйлүк даражаны алган.

Илимий-педагогдук чыгармачылыгы түзөтүү

Жалпысынан, 50дөн ашык илимий макала, 15тей илимий долбоорду даярдаган.

Архитектура боюнча эмгеги басмага даярдалды.

Кыргыз энциклопедиясына архитектура жаатында макалалар жазган.

Кыргызстан Илимдер академиясында Архитектура боюнча орусча-кыргызча сөздүктү жарыялаган. Бул сөздүк окуу куралга жардамчы колдонмо материал катары 1980-жылдардан тартып архитектор окутуучулар жана студенттер тарабынан кеңири колдонулуп келди.

 
Капар Алиев, Вера Алиеванын агасы. 1960-жылдардын акырындагы үй-бүлөлүк сүрөт архивинен. Бишкек (Фрунзе) шаары, Кыргызстан.

Ал тууралуу маалымат түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия. Жооптуу редактор Үсөн Асанов. – Бишкек, 1998. – (ISBN 5-89750-100-1) – 141-142-бет.
  • Жусупов, Кеңеш. Жан шерик: Жыйнак / Жыйнакты түзгөн Айгүл Эралиева. – Бишкек: Бийиктик, 2007. – 588 б. - ISBN 978-9967-13-229-0. - (Мында: 342-345-беттер).
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – ISBN 978-9967-25-256-1.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Айылдаштары. Мекендештери. Ар кыл сүрөттөр түзөтүү

 
Жазуучу Кеңеш Жусупов өзүнүн туулуп-өскөн Он-Арча айылында. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 04.10.2012.
 
Профессор Гүлзура Жумакунова Кэмбриждеги илимий жыйында. 20.9.2011.
 
Жазуучу Кеңеш Жусупов жана генерал Бейше Молдогазиев өз жердештери менен. Он-Арча айылы, Нарын облусу, Кыргызстан. 04.10.2012.
 
Журналист, ардагер Сулайман Мамбеталиев өзүнүн Он-Арча айылында жакын туугандары Жумамүдүн Кадырмамбетов жана анын уулу Таалайбек Жумамүдүн уулу менен. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 27.9.2012.

Ички шилтемелер түзөтүү

  1. https://www.azattyk.org/a/wwii_iids_murdagy-sogush-tutqununun-tagdyry_2021_longread_abdyrahman-alijev_tch_ky/31171708.html