Алмалуу көрүстөнү
Алмалуу көрүстөнү – Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Торкен суусунун сол жээгиндеги 1-5-к-га таандык эстелик. 1966-67-ж. Кыргыз ССР ИАнын археол. экспедпцпясы изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 85 казанактан (бардыгы 136 дөбө) бирден үчкө чейпн адам сөөктөрү чыккан. Кээ бпрлерп табытка салынып, бетине алтындалган жука беткеп кийгизилген. Табылгалардын арасында дан сактоочу зор кумара, жыгач табактар, кылыч, соот, жебе, чынжыр, коңгуроо, тогоо, мончок, күзгү, асылташ чөгөрүлгөн алтын сөйкө, шакектер бар. Көрүстөндү негизинен Ы. Кожомбердиев изилдеген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1