Торкен — Торкен (туурасы Төркен)–Кетментөбө өрөөнүндөгү суу, Нарындын оң куймасы. Узундугу 43км, алабынын аянты 664 км2. Суусамыр кырка тоосунун түштүк капталындагы көлдөн башталат. Жогорку агымында Чоң Музтөр жана Кошмузтөр, ортоңку агымында Капчыгай деп аталат. Куймалары: Борду-Кыя, Белалды (сол), Чоң Кемпирөлдү (оң). Негизинен кар, булак сууларынан куралат. Жылдык о рточо чыгымы 7,8 м 3 / сек . Эң көп агымы 53,8 м3/сек (май), азы 1,52 м3/сек (январь). Апрелде кире баштап, сентябрда тартылат.Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Борду-кыя, Совет айылында жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү