АлоокеМанас эпосунун каарманы, кытайдын башкы кандарынын бири, Коңурбайдын атасы А. эпостун «Манас» бөлүмүндө гана жолугат. Саякбай Каралаевдин вариантында А. менен Молтонун кыргыздарды чаап алуусун баяндаган окуяда А-нин баскынчылык ролу баса көрсөтүлгөн. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча бул окуя өзүнчө эпизод катары айтылбайт, бирок кыргыздардын чабылышы, А-нин кан болуп бийлик жүргүзүп турушу жөнүндө кабар берилет. А. бардык манасчыларда баскынчы терс каарман катары мүнөздөлөт. Бирок анын образы эпостун жалпы окуяларын эске алганда эпизоддук гана мүнөзгө ээ. А-нин элди чаап алып, баш көтөргөндөрүн туш-тушка айдашы эпосто төмөнкүдөй сүрөттөлөт: Каракандын сегиз уул, Улуусу Бай, Үсөндүр, Үсөндүн колун байлады, Орхон көздөй айдады. Байдын колун байлады, Төмөн желпиниш көздөй айдады. Улаккан колун байлады, Эренди көздөй айдады. Баштыгы Балта, Жакыпты Алтай көздөй айдады. Азганактай кыргыздан Алышаар алдуу калбады (Саякбай Каралаев, «Манас», Кол жазмалар фондусу, 536-инв., 59-б.). Кара кытайлардын кыргыздарды чаап алып, катуу эзип, кордук көрсөтүшүн баяндаган окуяда А-ге тең келип, каршы чыккан оң типтеги баатыр болбогондуктан, анын образы да конкреттештирилбестен шарттын талабына ылайык баскынчы экендиги ачылуу менен гана чектелет. Ошондо кытай А. «Ордону бузуп, бул кылып, Катындардын баарысын Кара элечек тул кылып, Кайраттуунун баарысын Такыр айдап кул кылып» (Саякбай Каралаев, 1. 30),— кыргыздарга зордук-зомбулук жүргүзөт. Эпостун негизги варианттарынын кийинки окуяларында, мисалы, Саякбай Каралаевдин варианты нда «Манас кытайга качкан Алоокени жеңип кан көтөрүлгөнү» деген окуясында А. өлтүрүлсө, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Кошабыш менен Боокени Манаска ак үйлүү берип качып кутулат жана кийинки эпизоддордо анын ысымы баскынчы душман кол башчыларынын катарында эскерилип жүрүп отурат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4