«Алооке кан» — «Манас» сериялары деген наам менен жарыкка чыккан китепче (Фр., 1941). Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча басмага даярдаган Ыбырайым Абдырахман уулу, жооптуу редактору Ж. Таласбаев. Көлөмү 1474 сап ыр, 56 бет. Латын ариби менен басылган. Китептин аягына тиркеме түрүндө көөнө сөздөрдүн (59 сөз) түшүндүрмөсү берилген. Китепте Анжыяндын аймагын башкарып турган Алооке кан кыргыз менен казакты катуу эзип, түтүнгө бир адамдан алым алып, залимдиги ашынып турганынан тартып, өзүнүн улуу уулу Боокени жана агасынын баласы Кошабышты Манаска тартуулап жарашканына чейинки окуялар камтылган. Бул басылышта айрым кыскартуулар, саптарды, сөздөрдү оңдоолор бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4